Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сынагында биринчи орунду алды, −ЖМК

Автор -

«Wanderlust Travel Magazine» журналынын окурмандары берген добушка ылайык, Кыргызстан «Дестинация өнүгүп келе жаткан өлкөлөр» наамында алтын сыйлыкты утуп, биринчи орунга ээ болду.−ЖМК

30-январда сыйлыкты тапшыруу аземине Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов катышты. Элчи журналдын окурмандарына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан туристтик багытын аныктоодо өлкө жаратылышын жана маданиятын баалай алган туристтерге маани берерин айтты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Британиядагы элчилигинен «Азаттыкка» маалымдашты.

Сыйлык тапшыруу салтанаты Лондондо «Дестинация: эс алуу жана саякат» деп аталган эл аралык ири туристтик жарманкенин ачылышында өттү.
«Wanderlust Travel Magazine» журналы жүргүзгөн сынакта «Мыкты туристтик өлкө», «Мыкты шаар», «Мыкты аэропорт» жана башка 11 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Аталган журнал жылына он ирет, 40 миңден 80 миң нускага чейин жарык көрөт.

Жыл аягында Кыргызстан эки белгилүү маалымат каражатынын дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөр рейтингине кирди.
−CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги 2020-жылы туризм үчүн кызыктуу боло турган 24 өлкөнүн бири деп атады.