Милиция Мирбек Атабековдун доосуна жооп берди

Автор -

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жарандын өндүрүш иши токтотулган. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 6-май күнү Октябрь РИИБине 1961-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 6-майга караган түнү болжол менен саат 01:45 чамасында үйүнө уурулар кирип, жабырлануучунун колу-бутун байлап, тапанча менен коркутуп, 60 миң доллар акча жана зер буюмдарын алып кеткенин маалымдаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында, Октябрь РИИБинин криминалдык милиция кызматы Ысык-Көл облусунун аймагынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, Октябрь райондук соту СИЗО-1ге эки айга камакка алган.

«Азыркы учурда тергөөдө Б.М.нын аталган кылмышка катыштыгы бар экендиги далилденген эмес, ошол себептен иш өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми шектүү окуя болгон күнү Ысык-Көл облусунда досунун үйлөнүү тоюнда болгондугу тастыкталууда. Толук объективдүү тергөө үчүн тойдо тартылган видео чет өлкөгө экспертизага  жиберилет. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү юридикалык баа берилет. Азыркы учурда бул ишке катыштыгы бар шектүүлөрдү аныктоо үчүн ыкчам тергөө жана издөө иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү