350 миң сом пара менен Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-январда шектүү айыл өкмөт башчы ишкер К.А.дан кум-шагыл карьери боюнча ижара келишимин бузбоо үчүн 400 миң сом талап кылган. Айыл өкмөт башчы акчаны алып жаткан жеринен кармалган.
Анын баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге киргизилди.