Кой-Таш окуясы. Шектүүлөрдүн камакта калуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү каралат

Автор -

Бүгүн, 3-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчү каралат. Бул тууралуу КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Бүгүн, 3-февралда саат 15:00дө райондук сот Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Рыспек Карыпбек уулунун Тергөө изоляторунда кармалып туруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн карайт. Тергөөчүлөр менен прокурорлор аларга бөгөт коюу чарасын дагы эки айга узартууну суранып жатышат. Асель Кодуранованы 2020-жылдын 9-апрелине дейре үй камагында калтыруу өтүнүчү келтирилүүдө», -деп айтылат маалыматта.

Жолдубаеванын билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина менен өзүнүн баш коргоо чарасы эртең каралат.