Конфискацияланган өрдөк этин сатып жиберген сот аткаруучу камакка алынды

Автор -

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучусу жок кылууга жиберилген өрдөк этин сатып жибергени белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр 23-май күнү Биринчи май райондук соту аткезчилик менен алынып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу тууралуу чечим чыгарган. Чечимди жүзөгө ашыруу сот аткаруучу С.Н.Ага жүктөлгөн. Бирок Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал кызматкер этти жок кылбай эле, 150 миң долларга сатып жибергенин аныктаган. Маалыматка ылайык, сот аткаруучу болгону 5 тонна этти жок кылган.

Кармалган сот аткаруучу Жазык кодексинин 98-беренеси («Конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу») боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.