Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 361 адамга жетти

Автор -

Кытайдын Саламаттыкты сактоо комитети 2-февралга карата коронавирустан жабыркагандардын саны өсүп жатканын маалымдады. Ага ылайык, каза болгондордун саны 361ге жетсе, 17 миң 205 адам вирусту жуктуруп алгандар.

Маалыматка ылайык, вирус менен жабыр тарткандар 2 миң 892ге көбөйсө, 57 адам көз жумду. Каза болгондордун 56сы Хубэй провинциясынын тургундары, бирөө Чунцин шаарынын жашоочусу болгон.

Ошол эле учурда коронавирусту жуктуруп алган 475 бейтап, ийгиликтүү дарылоодон кийин сакайып кетишкени айтылууда.

Бөлүшүү