Өлкөдө коронавирустун белгилери катталган жок

Автор -

Өлкөдө коронавирустун белгилери катталган жок. Бул тууралуу оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысы Абдукадыр Жороев билдирди, деп жазат «Азаттык».

Анын айтуусунда, Кытайдан келген бардык жарандар толук көзөмөлдө турушат.

«Кытайдан келген 18 студент шаар сыртындагы атайын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жайгаштырылды. Саламаттыгы жакшы. Оорунун белгилери байкалган жок. Алар 14 күндүк инкубациялык мөөнөт учурунда изоляцияда болушат. Ал эми Кытайдын жарандарынан оорунун эч кандай белгилери табылган жок, ошондуктан үйлөрүнө жиберилген, бирок дарыгерлердин кылдат көзөмөлүндө турушат»,-деди Жороев.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдан 3-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 224 киши келгенин кабарлаган. Анын ичинен 24ү Кытайдын, бирөө башка мамлекеттин, калгандары Кыргызстандын жарандары. Алардын баары термосканер менен тиешелүү медициналык кароодон өтүп, эч кимисинен коронавирустун белгилери аныкталган эмес.

Ушул тапта Кытайдан келгендердин ичинен Сокулук районунун ооруканасында үч, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда 22 киши жатат. Баарыны абалы канааттандырарлык. Калган 189 киши Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен үйлөрүнө чыгарылды.