Өзгөндө унаа электр мамысын сүзүп, кырсыктан 7 адам каза тапты

Автор -

Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгынан 7 киши каза тапты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 3-февралда таңкы саат 3:53 чамасында болгон. Мырза-Аке айылындагы Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен 7 эркек адам (аты-жөндөрү такталууда) каза болгон.

Бөлүшүү