Асель Кодуранова дагы эки айга үй камагында калды

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованы 9-апрелге чейин үй камагында калтырды.

Ал Кой-Таш окуяларына байланыштуу ачылган кылмыш ишинде бир нече берене боюнча шектүү деп табылып, Биринчи Май райондук сотунун 2019-жылдын 28-декабрдагы чечими менен 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагына алынган болчу.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери расмий түрдө аяктап, учурда шектүүлөр материалдар менен таанышуу процессинде.

Бүгүн, 4-февралда аталган сот ЖК депутаты Ирина Карамушкина менен КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын үй камагында калуу мөөнөтүн узартууну карайт.