Фарид Ниязов менен Равшан Жээнбеков 9-апрелге чейин камакта болот

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин мурдагы аппарат башчысы Фарид Ниязов менен парламенттин мурдакы депутаты Равшан Жээнбековду апрелге чейин абакта калтырды.

Алардын бөгөт чарасы 4-февралга караган түнү каралып, камакта калуу мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды.

Эске салсак, Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылууда.

Равшан Жээнбеков дагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.