Ысык-Көл облусунда автоунааны айдап качкан шектүү кармалды

Автор -

Ысык-Көл облусунда автоунааны айдап качкан шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

4-февралда болжол менен саат 01.45 чамасында Тоӊ РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Бөкөнбаев айылынын 29 жаштагы тургуну О. Нуркамил кайрылып, 3-февралдан 4-февралга караган түнү, болжол менен саат 23.55 чамаларында белгисиз адамдар үйүнүн алдында токтоп турган «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап качып кеткендиги туралуу билдирген.

Аталган факты Тоӊ РИИБдин КЖБРга катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 206 (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштердин натыйжасында, болжол менен 3 сааттан кийин Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККББдин кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай ачышып, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Бөкөнбаев айылынын тургуну, 2018-жылы уурдоо үчүн шарттуу түрдө кесилген Т. уулу Сыргак кармалды.

Аталган фактыны териштирүү учурунда, кылмышка шектүү катары кармалган Т. уулу Сыргак Бөкөнбаев айылынан автоунааны айдап качкандан кийин, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылына барып, ал жерден дүкөнгө кирип, 8 мобилдик телефонду жана Тосор айылынын дүкөнүнөн азык-түлүк товарларын уурдагандыгын милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган. Далил зат катары кылмышка шектүү адамдан уурдалган буюмдар алынды. Жети-Өгүз районунда уурдоо фактысы боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, райондук милиция берилди.