«Ак-Тилек» кыргыз-казак чек арасында элүүдөй оор жүк ташуучу унаа турат

Автор -

«Ак-Тилек» кыргыз-казак чек арасынын өткөрмө пунктунда элүүгө жакын оор жүк ташуучу унаа бар. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Азыр өткөрмө жайда 50гө жакын оор жүк ташыган унаа турат. Биз алардын эмне себептен кармалып жатканын териштиргенде, алар кандайдыр бир документти күтүп жатканын айтышты. Жалпысынан өткөрмө пункту штаттык режимде иштөөдө», — дешти басма сөз кызматынан.