«Манас» аэропортунан башканын жүгүн көтөрүп кеткен киши изделүүдө (видео)

Автор -

Милиция «Манас» аэропортунда уурулук жасоого шектелген адамды табышып коюуну суранат. ИИМден билдиришкендей, кылмыш фактысы өткөн жылдын 13-ноябрында катталган.

«Т.У. аттуу жүргүнчү металлодетектордон өтүп жаткан кезде өзүнүн жеке буюмун унутуп кеткен. Бир нече убакыттан кийин көзөмөлдөн өтүп жаткан башка киши ал буюмду көрүп калып алып койгон», — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Уурулук» беренеси боюнча каттоого алынган. Милиция шектүүнү көргөн-билгендер болсо 0 (312) 69-35-35, 0 (555) 65-11-88 номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.