Рыскелди Момбеков: Жеңиш Разаков- өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен эң алсызы

Автор -

Жогорку Кеңеш депутаты Рыскелди Момбеков вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду «өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен — эң алсызы» деп атады.  Бул туурасында эл өкүлү бүгүн, 5-февралда вице-премьерлик жана ӨКМ башчысы кызматына Эркин Асрандиев менен Замирбек Аскаровдун талапкерлиги каралып жаткан учурда билдирди.

Рыскелди Момбеков алгач Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттү сындап өттү.

«Эки жыл мурун өкмөттүн башына келдиңиз эле, анан жаңы командаңызды ушул жерге алып келдиңиз эле. Ошондо мен тамаша таризинде «балдардын өкмөтү кетип, чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келген экен, чарчап калбасаңар болду» деп айттым эле. Эки жылга жетпеген мөөнөттүн ичинде алмашпаган эки министриңиз менен үч вице-премьер-министриңиз калыптыр. Калгандардын баары эки жылга жетпеген мөөнөттө «үзөңгүдөн бут тайды, ээрден көчүк кылтайды» дегендей, ээрден шыпырылып түштү. Бул «орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт» деген болуп калды» -деди Момбеков.

Ал эми Жеңиш Разаковду «кууратар» атады.

«Жеңиш Парпиевич [Жеңиш Разаков] тууралуу айтайын, аны 2 жерге — ЕАЭБге жана чек арага куратор кылдыңыз. Орусча куратор, кыргызча кууратар деген. Бирок ал эки жакты тең кууратпадыбы. Баткенде 2 метр чек араны чечкен жок. ЕАЭБдеги эки негизги маселени −үчүнчү мамлекеттен келген унааларга жеңилдетилген бажы тарифин чече албай койду, анан Россиядагы мекендештер которгон акчага коюлган 100 миң сомдук чектөөнү чече албай койду. Эки метр жерди чече албаган кишини Баткенге койдук деп жатасыз. Баткенге байлап койсоңор да чече албайт», — деди.