UFC Нурмагомедов-Фергюсон беттешинин проморолигин жарыялады (видео)

Автор -

UFC уюмдун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттешине арналган проморолигин жарыялады.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов — Фергюсон беттеши 18-апрелде Бруклинде UFC 249 турниринде болот.

https://twitter.com/ufc/status/1223713129617510400?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1223713129617510400&ref_url=https%3A%2F%2Fknews.kg%2F2020%2F02%2F05%2Fv-ufc-pokazali-promorolik-boya-nurmagomedov-fergyuson-video%2F

31 жаштагы мушкер Нурмагомедовдун эсебинде 28 беттештеги 28 жеңиш бар. Акыркы жолу америкалык атаандашы Дастин Порьени жеңген.

35 жаштагы Фергюсон 28 жолу беттешке чыгып, 25 жолу жеңүүчү аталган. Ал 2019-жылы июнда 36 жаштагы америкалык Дональд Серронени жеңгенден бери октагонго чыга элек.