Аскар Акаевдин уулу жана иниси каза тапты,- ЖМК

Автор -
272

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу жана иниси удаа каза болушту. Бул кабарды жеке булактар тастыктады, деп жазат «Азаттык».

Уулу Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин Москвада көз жумду. Айрым маалыматтарга караганда, анын жүрөгү кармап калган.

«Аны ошол жакта эле коюшат окшойт» деп билдирди Акаевдин жакын адамдарынын бири.

5-февралда Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу, жүрөгү кармап каза болгон Кубан Акаев Кеминде жерге берилгени да маалым болду.

Айдар Акаев 43 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү