2020-жылдын 6-февралына карата өлкөдө коронавирус менен ооругандар жок. бул туурасында өкмөттөн билдиришти.
Ошондой эле, социалдык тармактарда жайылтылган Баткен облустук ооруканасына коронавируска чалдыкты деп шектелген эки жаран келип түшкөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.
Маалыматка караганда, бул жарандар Кыргыз Республикасына Кытайдан транзит аркылуу Тажикстан аркылуу келишкен. Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери жарандарды саламаттык сактоо уюмдарына алып келишип, медициналык кароодон өткөрүштү. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 6-февралга карата 154 адам стационардык кароодо, 260 адам жашаган жери боюнча медициналык байкоодо турат. Бардыгынын ден соолугу туруктуу.
Улуттук вирусологиялык лаборатория изилдөөлөрдү өткөрүүгө даярдалган, ал эл аралык стандарттарга дал келет, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине буга чейин Россиядан коронавирусту аныктоочу тест-системалар алынып келген. Байкоодогу жактардын баары жогоруда көрсөтүлгөн тест-системаны колдонуу менен кошумча текшерүүдөн өтүшкөн, бардыгында вирус аныкталган эмес.
Кытай Эл Республикасынан келген жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекцияларга мүнөздүү белгилер болсо текшерилип, медициналык кароо жүргүзө турган жана тиешелүү дарылануудан өтө турган медициналык жайлардагы атайын палаталарга жаткырылууда.
Ал тургай үчүнчү өлкөлөрдөн келгендер дагы термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. Жарандар медициналык кароо маалында аныктама даяр болгончо карантиндик аймакка жайгаштырылууда. Аныктоо үчүн өлкөдө бардык зарыл шарттар бар. Лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аккредитациясынан өткөн, адистер окутулган.
Мындан тышкары жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 280 орун даярдалган: «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» — 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 50, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет.