Түркияда учак кырсыктап, 3 адам каза тапты (видео)

Автор -

Түркиянын Сабиха Гөкчен аэропортуна конуп жаткан маалда кырсыктаган учак үчкө  бөлүнүп кетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан 3 адам каза таап, 179 киши жаракат алганын билдирди.

Түркиялык медианын кабарлашынча, Pegasus Airlines компаниясынын учагы 5-февралда түштөн кийин ички каттамды аткарып, Измирден Стамбул шаарына учуп келген.

Ал тапта Сабиха Гөкченге конушу керек болгон учактар Стамбул аэропортуна жөнөтүлүп жатканы белгилүү болду.

Бөлүшүү