Hyundai компаниясы коронавирустан улам убактылуу ишин токтотту

Автор -

Кореянын Hyundai компаниясы өз өлкөсүндөгү заводунун ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Automotive News агентиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайдан ташылуучу жабдуулар коронавирустун айынан кармалып жаткандыктан ишти токтотуу чечими кабыл алынды.

«Аталган компания мамлекеттен тышкары ири өндүрүүчүлөрдүн арасынан биринчилерден болуп унаа чыгарууну токтотууга мажбур болду. Түштүк Кореядагы ишкана жергиликтүү жана АКШ, Европа, Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине машина чыгарат», — деп маалыматта айтылат.

Автоунаа чыгаруучу Tesla, Ford, PSA тобу, Nissan жана Honda чоң компаниялары Кытайдагы заводдорунун ишин убактылуу токтотушту. Ошондой эле, PSA тобу Ухань шаарынан кызматкерлерин чыгарып кетерин билдирди.