Кытайдан келген эки кыргыз жарандын диагнозу чыкты

Автор -

5-февраль күнү Кызыл-Бел көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу Кытайдан Баткенге келген эки жарандын дене табы көтөрүлүп, изоляторго жаткырылганы айтылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги алар Кытайдан Тажикстан аркылуу келгендиктен, талапка ылайык аларды көзөмөлдөө үчүн саламаттыкты сактоо бөлүмүнө алып келгенин кабарлаган.

Бүгүн, 7-февралда министрликтин маалымат кызматынан Кытайдан келген эки жарандын диагнозу чыкканын билдиришти. Ага ылайык, вирустук изилдөөнүн жыйынтыгы канааттандырарлык болуп чыкты.

«Кытайдан келген мекендештерибизден коронавирустун белгилери табылган жок. Учурда алар Баткен облустук биргелешкен ооруканасында», — деди маалымат кызматынын өкүлү.