Мелис Мырзакматовдун ишин кароо 25-мартка жылдырылды

Автор -

Жогорку сот Бүгүн, 10-февралда Ош калаасынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун ишин карамак. Бирок мэрдин жактоочулары келбегенине байланыштуу отурум жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мелис Мырзакматовдун иши бүгүн, 10-февраль саат 14:30га белгиленген. Бирок жактоочулардан өздөрүн жаман сезип жатканы тууралуу өтүнүч келип түштү. Мындан улам соттук отурум 25-март саат 14:00гө жылдырылды», — деди Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү.

2015-жылы 22-июлда Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовго сыртынан өкүм чыгарып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып тагылып, издөө салынган эле.

Ал эми Мырзакматов өзүнө тагылган айыптоону «саясий куугунтук» деп айтып келет.