Шайлоо босогосун жети пайызга түшүрчү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Автор -

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Анда төмөнкү беренеге өзгөртүү киргизүү сунуш кылынган.

64-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында жана 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында тогуз пайыз деген санды жети деген санга алмаштыруу, башкача айтканда парламентке шайлоо үчүн тогуз пайыздык чекти жети пайызга түшүрүү жөнүндө сунуш киргизилип жатат.

Бул демилгени парламенттин 19 депутаты көтөргөн. Алар мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максатын калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен түшүндүрүштү.

Буга чейин Кыргызстанда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин тогуз пайыздан жети, беш же үч пайызга чейин түшүрүү сунуш кылынган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жети пайызга көтөрүлгөн.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жети пайыздан тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү