Таиландда аскер кызматкеринин огунан каза болгондордун саны 29га жетти

Автор -

Таиланддын түндүгүндөгү Накхонратчасима шаарында аскер кызматкеринин огунан каза болгондордун саны 29 адамга жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн коопсуздук күчтөрүндөгү булактарына шилтеме кылып билдирди.

Ок аткан аскер кызматкери адамдарды барымтада кармап турган соода борборунда атып өлтүрүлдү.

The Bangkok Post гезити атышуу учурунда укук коргоо органдарынын үч кызматкери жабыркаганын кабарлады.

Thai PBS телеканалынын маалыматына караганда, ок атуудан 63 адам жаракат алып, 13ү жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча аскер кызматкери үйүн сатуудагы көйгөйлөрдөн улам адамдарга ок чыгарганын билдирди.

32 жаштагы Жакрапант Томма алгач аскер лагеринде үч офицерди өлтүрүп, армиянын автоунаасын айдап качкан. Ал «Терминал-21» соода борборуна бараткан жолдо, андан соң анын ичинде адамдарга ок атып, бир канчасын барымтага алган. Анын кандай талаптарды айткандыгы тууралуу маалымат жок.

Бөлүшүү