Таласта жарадар болгон ак илбирстин эки көзү көрбөй калды. Бул тууралуу «Бугу Эне» коомдук фондунан билдиришти.
Адистердин текшерүүсүнөн кийин, ак илбирстин эки көзү тең көрбөй калгандыгы аныкталган. Ошондой эле, операция жасоо эч кандай натыйжа бербей тургандыгы жана анын алган жаракатынан улам көрбөй калгандыгы айтылды.
Фонддон билдиришкендей, ак илбирсти дайыма карап туруу керек.
Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар болгон ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.