Валентина Шевченко жайында Ысык-Көлгө келерин айтты (видео)

Автор -

UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченко президент Сооронбай Жээнбековго соцтармактагы баракчасы аркылуу ыраазычылыгын билдирди.

Анын айтымында, жеңиши менен куттуктаган өлкө башчы Ысык-Көлгө эс алууга чакырган.

«Техас штатындагы ЮФС 247 беттешинде чемпиондугумду коргогондон кийин Кыргызстандын президенти Сооронбай Шарипович телефон аркылуу байланышып, жеңишим менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Машыктыруучум Павел (Федотов) менен эжем Антонинага салам айтып кой деди. Абдан жагымдуу болду. Бул чоң мотивация. Сооронбай Шарипович бизди жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Биз сөзсүз барабыз. Чоң рахмат, урматтуу президент», — дейт Шевченко.

 

Эскерте кетсек, 9-февралга караган түнү Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен утуп алган. Муну менен кыргызстандык мушкер наамын үчүнчү ирет коргоп калды.

Бөлүшүү