Жасалма евро сатып жүргөн жаран кармалды

Автор -

Бишкекте 7-февраль кунү 10 миң 500 евро өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатуу аракети учурунда 27 жаштагы А.С. аттуу кыргыз жараны кармалды.

Такталган маалымат боюнча, А.С. жасалма акча каражатын сатууну «К.Э.П.» ЖЧК акча алмаштыруучу жайынын кассири менен биргеликте ишке ашырган.

Азыркы учурда кармалган адам Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

 

Бөлүшүү