Бүгүн Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтөт

Автор -

Бүгүн, 11-февралда Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жыйын саат 11:00 башталат. Буга чейин депутаттык комиссиянын жыйыны 31-январда өткөн. Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана «Азаттык» үналгысынын жетекчилери чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп берген.

21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, «Республика-Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, «Кыргызстан» фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.

Бөлүшүү