Бишкектин чок ортосунан милиция кызматкерлери карышкырды кармап алышты (видео)

Автор -
586

Бишкекте мектептердин биринин жанынан милиция кызматкерлери карышкыр кармап алышты. Бул тууралуу маалыматты жана окуянын тасмасын Илязбек Балташев аттуу интернет колдонуучусу социалдык тармакка жарыялады.

Анын айтымында, жырткычты укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап, экологдорго өткөрүп беришти.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, карышкыр тууралуу маалымат «102» номуруна бүгүн, 11-февралда саат 12:00 чамасында түшкөн. Жерине Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Алар карышкырды 40 мүнөттөн кийин Республиканский көчөсүнөн кармашкан. Жырткыч шаарга кантип келип калганы азырынча белгисиз.

«Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчиси, ветеринардык дарыгер Салтанат Сейитованын жоромолунда, жапайы жаныбар үйдө кармалып турган жеринен качып чыккан болушу мүмкүн.

«Аны бизге алып келишин күтүп жатам. Анын жапайы карышкыр болушу мүмкүн эмес. Анткени алар шаар аралап жүрүшпөйт эле. Жапайы карышкырды кармаш да оңой эмес», — деди ал. 

Бөлүшүү