Өзбекстанда кыргыз жараны жасалма 20 миң доллар менен кармалды

Автор -

Өзбекстанда 20 миң доллар өлчөмүндөгү жасалма акчаны сатууга аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эл аралык кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу иштеринин жүрүшүндө Өзбекстан менен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүрткөн топту кармады. Эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду.

«3-февралда биргеликте өткөрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мурда катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Өзбекстандын Наманган шаарында М.Н. аттуу кыргыз жараны кармалды. Ал 20 миң доллар жасалма акчаларды сатууга аракет кылган», — деп жазылат маалыматта.

Мекеме учурда жасалма акча каражаттарын даярдоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.