Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Караганда шаарында көчөдө калган кыргыз аялдын өздүгүн тактоодо жардам сурайт. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда «Кыргызстандык аял Карагандада көчөдө калды» деген маалымат тараган. Билдирүүнүн автору өзү казак жараны экенин айтып, шаардан кыргыз улутундагы кызды такай көрөрүн жазган.
«Көчөдө супермаркеттерди кыдырып, акча сурап жүрөт. Документтери жок, мекенине бара албай жатыптыр. Акыл-эси жайында эле, бирок абдан жабыгып бүткөн. Айтымында, 6 жашында ата-энеси менен бирге жол кырсыгына кабылыптыр. Андан бери алардын өлүү-тирүүсүн билбейт. Бирок Кыргызстанда бир туугандары бар экенин так билет экен. Туугандарын табышууга менден жардам сурады, мекенине аябай кайткысы келет. Ушундай суукта түнкүсүн подъезддерде түнөйт экен. Элдер, жардам берсеңер. Мен ал үчүн коркуп жатам», -деген автор.
ТИМдин билдиришинче, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кызга жардам көрсөтүү максатында анын жүргөн жерин аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.
«Бул жаран тууралуу (аты-жөнү, туулган жылы, жери) кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо, + 77774733009, + 77761248833 номерлери аркылуу элчиликке байланышсаңыздар», -деп айтылат маалыматта.
https://www.instagram.com/p/B8WzjlKgXNT/