Ысык-Көл облусунда экстремисттик агымдын мүчөсү баӊгизат менен кармалды

Автор -

Ысык-Көл облусунда экстремисттик агымдын мүчөсү баӊгизаты менен кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, изкубарларга Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын тургуну үйүндө мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын үстүнөн тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, шектүү адамдын өздүгү жана жашаган жери аныкталган.

Натыйжада «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымынын мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган, Кара-Талаа айылынын 35 жаштагы тургуну Т. Эсенбек кармалды.

11-февралда анын үйүндө санкциялаштырылган тинтүү иштери жүргүзүлгөн мезгилде салмагы 340 граммды түзгөн жапайы кендир жыттанган өсүмдүк, божомолдуу марихуана далил зат катары алынган.

Аталган факт Тоӊ РИИБдин КЖБРне катталып, Жазык кодексинин 268 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, алынган баӊгизаты кайсыл түргө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүгө баш коргоо чарасы кабыл алынат.

Бөлүшүү