ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Автор -
Жакынкы бир саат аралыгында Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-февралда жакынкы бир саат аралыгында  жана күндүн экинчи бөлүгүндө Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн.
Мекеме жарандарды жана айдоочуларды сак болууга чакырат.