Жогорку Кеңеш Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоп берди

Автор -

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровдун  талапкерлиги каралды. Анын талапкерлиги боюнча баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасады.

Жалпы 104 депутат катталып, 97 эл өкүлү «макул» деп, 1 депутат «каршы» деп добуш берди.

Буга чейин Мадумаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы, тийиштүү комитети жактырган.

11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барган. Акрам Мадумаров учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенет.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү