Жалал-Абаддагы адам сөөгүн сактоочу жападан жалгыз муздаткыч оңдолду

Автор -

Жалал-Абад облустук ооруканадагы адам сөөгүн сактоочу муздаткыч оңдолду. Бул тууралуу аталган мекеменин башкы директору Кумар Ботокараев билдирди, деп жазат Turmush.

Буга чейин облус боюнча бир гана өлүк сактоочу муздаткыч болсо, ал да иштебей калып, анын ордуна тамак-аш сактоочу муздаткыч колдонулуп жатканы белгилүү болуп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

«Биз бир нече жолу Жалал-Абаддагы адистерге кайрылып келгенбиз. Ош, Бишкек шаарынан адистерди чакырып, алар биргеликте бул иштин аягына чыгышты. Кечээ толук оңдолуп бүттү. Бүгүнкү күндө биринчи муздаткычта -4 жана -9 градус, экинчисинде -3 жана -9 градус суукту көрсөтүп жатат. Адистер электр энергиясы өчкөндөн улам бузулган деген тыянак чыгарышты. Мындан улам атайын генератор да орноттук», — деди облустук клиникалык оорукананын башчысы.

Талкуу жаратып келген чакан муздаткыч да кошумча иштей берет.