Коронавирус жуктуруп алды делген кыргызстандык жигиттин маеги

Автор -
393

Японияда кармалып турган круиздик лайнердеги кыргызстандык жаран өзүнүн коронавирус жуктуруп алганы тууралуу маалыматты четке какты. Sputnik Кыргызстан агенттиги ал жаран менен байланышып, саламаттыгы, кемедеги жалпы абал тууралуу баарлашкан.

Аты-жөнүн ачыктоодон баш тарткан кыргыз жаранынын бул лайнерде иштегенине төрт жылдын жүзү болгон. Ал эми вирус тууралуу алгач укканда кемеде эч ким паникага алдырган эмес.

«Көбүрөөк иштөөгө туура келерин түшүнүп турдук. Андан кийин даярдык көрүп, кеменин ичиндеги жүргүнчүлөр изоляцияланды. Текшерүүдөн өткөрүп, ага чейин ооруган бейтаптарды дароо госпиталга алып кетишти. Иштегендер да өз-өзүнчө бөлүнүп, ресторан менен рум-сервиз жана анда иштеген ашпозчулар эле калды», — деп айтып берди кыргызстандык жаран.

Мекендеш жумуштун басымдуу бөлүгү официанттарга туура келгенин белгиледи. Анын айтымында, жүргүнчүлөр менен официанттар гана сүйлөшө алган. Алардын кимиси вирус жуктуруп алганы белгисиз эле.

«Барган сайын официанттардын саны азая берди. Вирус жуктуруп алышы мүмкүн делгендерди алып кетип жатышты. Мен кемеден кетип кала алган жокмун, досторум, кесиптештеримдин бири да кеткен жок. Ушундай кыйын кырдаалда кантип басып кетет элек. Айтор, кете албай койдум. Жүргүнчүлөргө тамак ташып келип, алардын абалын көрүп жаттык, көбүнүн ыйлаганына күбө болдук. Ушунчалык боорум ооруду, бирок мен деле алар менен чогуу болчумун да. Капитаныбыз колдоо көрсөтүп, биздин эрдик жасап жатканыбызды айтып, биздин дарекке жолдонгон ыраазычылык каттарды окуп берип жатты», — деди мекендеш.

Ал өзүн кимдир бирөө издейт деп деле ойлогон эмес.

«Мени Кыргызстандын консулдугу издейт деп ойлобоптурмун, бирок таап, сүйлөшүп, мага колдоо көрсөтүп жатышат. Баарынын эле элчиликтери байланышка чыгып, жардам беришүүдө», — деди ал.

Кыргызстандык жигит карантиндин мөөнөтү 29-февралда аяктай турганын, эмгек жамааттын бир бөлүгүн, арасында биздин мекендеш да бар, коё бериши керектигин маалымдады.