«Diamond Princess» лайнеринде карантинден өткөн алгачкы жүргүнчүлөр жээкке чыгарылды

Автор -

Лайнердин бортундагы эки жумалык карантинден соң алгачкы 500 киши Жапониянын Йокогама шаарындагы портко түшүрүлдү. ТАСС кабарлагандай, алардан коронавирус аныкталган эмес.

«Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тартып Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. Карантин 19-февралда бүтөрү кабарланган. Соңку маалымат боюнча, кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 450дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды.

«​World of Cruising»​ журналы бул кемеде вирусту жугузуп алгандардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар экенин жазган. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке кагып, лайнердеги мекендеш менен 6-февралдан бери байланышта турганын, ал эсен-соо экенин маалымдады.