Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты

Автор -

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты.

76 килограмм салмактагылар арасында күрөшкөн Айпери тайпалык этапта өзбекстандык Мухлиса Нормуминованы утуп, япониялык кызга жеңилген болчу. Упайлардын артыкчылыгы менен жарым финалга чыккан. Жарым финалда казак спортчусу Эльмира Сыздыкованы утуп, финалга жолдомо алды.

Эми алтын байге үчүн чечүүчү беттеште ал кайрадан япониялык Хиро Минагава Сузуки менен кармашат.

Эскерте кетсек, спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 2020-жылдагы Азия чемпионаты ушул күндөрү Индияда өтүп жатат.

Бөлүшүү