Ошто кызганычтан жубайын унаага сүйрөткөн жаран үй камагына чыгарылды

Автор -

Ош шаарында мончодон кеч чыккандыгы үчүн жубайын унаа менен сүзүп, сүйрөткөн жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Ош ШИИБге таянып, Super.kg жазды.

Маалыматка караганда, Ош шаардык соту бүгүн, 20-февралда аталган жаранды үй камагына чыгарды.

Эскерте кетсек, окуя 17-февраль күнү кечинде орун алган. Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Кеч чыкканда кызганычка алдырган жолдошу унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен. Жабырлануучу 45, ал эми жолдошу 43 жашта. Экөө тең Кара-Суу районунун тургундары.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү