Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумуна катышат

Автор -

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда парламенттин жалпы отурумуна катышат. Президент жыйынга Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө байланыштуу катышат.

Мындан тышкары мамлекет башчы өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө жаатында айрым маанилүү маселелердин айланасында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Конституцияга ылайык, өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү президенттин катышуусу менен өтөт.

Бөлүшүү