Экс-президенттин тарапташтары Атамбаевди үй камагына чыгарууну талап кылышууда (видео)

Автор -

УКМКнын алдында Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулушту.

«Апрель»  телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов маалымдагандай, тарапташтар мурунку мамлекет башчысын үй камагына чыгаруу талабын коюшууда.

Эске салсак, 19-февралда Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев атасынын кан басымы кескин төмөндөп, инфаркт болуу коркунучу туулгандыгын билдирген.  Маалыматты экс-президенттин адвокаты дагы тастыктаган.

Бирок УКМК Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин, ага дарыгерлер көзөмөл салып турарын билдирген.

Күн мурун Алмазбек Атамбаевге акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери жана кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү кирип чыгышкан. Алар дагы экс-президенттин ден соолугу начарлап жатканын ырасташкан.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын баамында экс-президенттин ден соолугу боюнча көйгөйлөр жөн жеринен чыкпай эле.

«Апрель» телеканалынын кабарчылары УКМКнын алдына Жогорку Кеңештин депутаттары келгенин билдиришти. Алар Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча так маалымат алып чыгууга кирип кетишти. Учурда ал жерде Асель Кодуранова, Анвар Артыков жана Рыскелди Момбеков жүрүшөт.  Саат 15:00дө ведомствонун ичине КСДП партиясынын 6 мүчөсү кирип чыгышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү