Телефон «террористи» кармалды. Ал түрмөдө отуруп чалган

Автор -

Бишкекте соода борборлордун биринде теракт болоору тууралуу жалган маалымат берген адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 23-февраль күнү саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деп тааныштырган адам чалып, саат 16.00 Бишкек шаарындагы соода борборлордо теракт болот деген маалымат берген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү (Терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, телефон чалган адам Тагир  Султанбеков аттуу 30 жаштагы КР жараны экендиги такталды. Ал 2013-жылы «Алдамчылык» жана «Тоноо» беренелери менен 9 жылга эркинен ажыратылган.

2017-жылы №3-түзөтүү колониясында отурган учурунда терроризм актысы тууралуу телефондон жалган маалымат берип, 11 жылга соттолгон. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып №1-түзөтүү колониясында (Молдовановка а.) жазасын өтөп жаткан.

Султанбеков Тагир сурак учурунда №1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

КР УКМК террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинерин эскертет. КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык, террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.