Иранда министрдин орун басары коронавирус жуктуруп алганы айтылууда

Автор -

Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирусту жуктуруп алды. Бул туурасында өлкөнүн саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Али Реза Вахабзаде билдирди, деп жазат РИА Новости.

«Акыркы күндөрү коронавирус менен күрөшүү иш чараларында алдыңкы сапта жүргөн министрдин орун басары Харирчи тапшырган тест анда вирус бар экенин көрсөттү», — деп жазды Вахабзаде «Твиттерде».

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматты ырастап, коронавирус жуктуруп алган кызматкер карантинде экенин маалымдашкан.

Акыркы алынган малыматтарга ылайык, Иранда жалпысынан 95 адам коронавирус менен жабыркап, ондон ашуун жарандын абалы оор экени айтылууда. Ошондой эле бул вирустан 15 адам көз жумган.