Ошто сегиз жаштагы бала сууга чөгүп каза болду

Автор -

Ош шаарында сегиз жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенине караганда, шаардын Латибжанов көчөсүндө каналга жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары окуя болгон жерге барып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Кыргызстанда 2019-жылдын биринчи жарымында 88 адам сууга чөгүп каза болгон

Бөлүшүү