Чүй облусунда эки жарандын сөөгү табылды

Автор -

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары ачып беришти. Аталган батирдин ичинен 1938-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудукта (люк) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, эркек кишинин жансыз денесин кудуктан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү