Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Автор -

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 5 күн мурда болгон адам өлтүрүү кылмышына шектүү колго түштү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-февраль күнү Кызыл-Кыя шаарынын «Достук» аллеясында жашы 35-40 чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында каза болгон жаран Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы Х.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу анын көкүрөккө бир жолу бычак жегенин көрсөткөн.

Бул кылмышка 29 жаштагы М.У. аттуу жаран шектелип, ал үйүндө жашырынып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Шектүү учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү