Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык соту блогер Элмир Сыдымановдун баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.
Элмир бул окуяга өкүнүп жатканын айтып, кечирим сурады.
«Инстаграм» баракчасында 250 миң катталуучусу бар блогер буга чейин түз эфир учурунда айрым облуста жашагандардын сөздөрүн сынга алган. Аны түндүк-түштүк маселесин козгоп жатат деп айыпташып, 17-февралда камакка алышкан.
22 жаштагы блогер Элмир Сыдымановго Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, 18-февралда анын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынган.