Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук угуулар 2-мартка белгиленди. Бул тууралуу КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү сотко катышат.
«Алмазбек Атамбаев сотко катышып, мыйзамсыздыкка жана укук бузууларга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болууну чечти»,- деп жазган Кундуз Жолдубаева.
Ишти Биринчи май райондук соту карайт. Отурум саат 9:30га белгиленген.
2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөн. Бул иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлууда.