Жергиликтүү кеңешке депутат болгон мектеп директорлорун бошотуу сунушталды

Автор -

Кыргызстанда мектеп директорлору менен башкы дарыгерлер жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланса, алардын кызматын өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору иштелип чыкты. Аталган мыйзам долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга чыгарылды, деп жазат «Азаттык».

Депутат Аида Исмаилова «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө» мыйзамга ушундай өзгөртүүлөрдү сунуш кылып жатат.

Долбоордо бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилери өз ишин депутаттык менен айкалыштырууга болбой тургандыгы жазылган. Бул көбүнесе мектеп директорлору менен жергиликтүү ооруканалардын жетекчилерине тиешелүү.

Буга чейин мындай кызматты ээлегендер жергиликтүү кеңешке шайланган соң өз ишин уланта беришчү.

Бөлүшүү