Бишкекте 10-кабаттан кулап түшкөн кыз каза тапты

Автор -

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 10-кабатынан 18 жаштагы кыз кулап түштү. Ал алган жаракатынан улам каза болгонун Биринчи Май РИИБинин басма сөз катчысы билдирди.

1-март күнү болжол менен саат 01:00 чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Насирдин Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз кулап түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, алдын ала маалымат алышкан. Анда 2001-жылы туулган С.В. аттуу кыз 10-кабаттын балконунан кулап түшкөнү белгилүү болгон. «Тез жардам» кызматкерлери келип, жабырлануучунун каза болгонун аныкташкан. Кыздын эмне себептен мындай ишке барганы азырынча белгисиз.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тийиштүү медициналык-экспертизалар дайындалды», — деп билдирет маалымат катчы.