Коронавирус: Кыргызстанда обсервацияда 298 киши жатат

Автор -

Кытайдан жайылган коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында 2-мартка карата Кыргызстанда обсервацияда 298 киши жатат. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаевага таянып, «Азаттык»  жазып чыкты.

Анын айтымында, 298 адамдын 145и кытайлыктар, баарынын анализи таза.

Мындан тышкары, 571 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 65 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2900 адам каза болду, 44 миңдейи айыгып чыкты.